Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезексиз бешинчи сессиясы
2017-жылдын 16-февралы №5-2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому жөнүндө
2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө" Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Сузак району боюнча башкармалыгы менен түзүлгөн келишим боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтомунун негизинде белгиленген салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө ишке ашырылсын.
2. Токтомду ишке ашыруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Ш.Турганбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Маканбаев |