Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү IV- сессиясы
2017-жылдын 22-декабры №24
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 13.04.2017-жылдагы кезектүү VI-сессиясынын №20 токтому менен ОсОО " КИРЕКС ОФ МИНЕРАЛС" ишканасына Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу 12449,5 га жер аянтында жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү токтомун кайрадан кароо жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү IV ачык сессиясына катышкан элдин сунуш-пикирлери эске алынып, ОсОО "КИРЕКС ОФ МИНЕРАЛС" ишканасынын Токтогул районуна лицензиясы жок болгондуктанО Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу 12449,5га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берилбесин жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын территориясынан корукка жер бөлүнүп берилбесин.
2. Жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерине мыйзам чегинде бөгөт коюу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура,энергетика,транспорт жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Маканбаев |