Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү IV- сессиясы
2017-жылдын 22-декабры №33
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутаты М.Мейманжанов сунушу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин депутаты М.Мейманжанов сунушу эске алынып,Чеч-Дөбө айылынын окуучуларын мектепке ташып келип-кетүүгө Чеч-Дөбө, Орто-Жон айылдарынын ортосунда каттоочу авто унаа алууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 450000сом каражат бөлүнүп берилип алына турган авто унаанын НДС салыгы сумманын 12%ти өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына, акча каражатын берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтом wvvvv.kyzyl-ozqorush.kjj сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |