Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2015-жылдын 15-октябры № 18-13
Мангыт айылында жайгашкан А.Эшенкулов атындагы орто мектептин имаратын бузуу жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши Мангыт айылында жайгашкан А.Эшенкулов атындагы №33-орто мектепте окуучуларды окутуу кооптуу жкендиги боюнча Араван райондук өзгөчө кырдаалдар блюнча 20.10.2011-жылдагы жана 30.10.2012-жылдагы комиссиянын актысы,2015-жылдын 14-мартындагы ЮНИСЕФтин жана КНИИПСтин адистери жана 24.03.2015-жылдагы райондук комиссиянын мүчөлүрү менен мектеп имаратына изилдөө жүргүзүп, аталган мектептин имаратында окуу процессин жүргүзүү өтө кооптуу экендиги жөнүндө акт түзгөн жана мындан ары булл мектепте окуу процесстерин жүргүзүүнү токтотуу боюнча сунуштары менен таанышып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван ра йондук өзгөчө кырдаалдарбоюнча 20.10.2011-ж. жана 30.10.2012-ж.комиссиянын актысы,КРӨ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын №0007062 пердписаниеси,КР турак жай жана курулуш департаментинин Ош облусунун капиталдык курулуш башкармасынын чыгуу №229- 18.06.2015-жылдагы каты,14.03.2015-ж.ЮНИСЕФтин жана КНИИПСтин адистери жана 24.03.2015-ж. райондук комиссиянын актылары бекитилсин.
2. А.Эшенкулов атындагы орто мектептин эски имараты жаны мектептин имаратына тоскоолдук кылганына бацланыштуу эски имаратты бузууга уруксат берилсин.
3. эски имаратты бузган мезгилде комиссия курулуш материалдарын эсептеп чыккан (БУ) материалдарды айыл өкмөтүнүн балансасындагы соц.обьектилерге иштетүүгө берилсин.
4. Жер аянтына тийиштүү болгон документтерди каттап,даярдап терүү жагы Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жана Араван райондук архитектура башкармасынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Торобаев |