Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2015-жылдын 15-октябры № 19-14
Толойкон айылындагы балдар бакчасынын А.Кадыровго убактылуу пайдалануу үчүн берилген корпусун «Саламат» балдар бакчасына өткөрүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши Толойкон айылындагы балдар бакчасынын А.Кадыровго убактылуу пайдалануу үчүн берилген корпусун «Саламат» балдар бакчасына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн Толойкон айылындагы балдар бакчасынын А.Кадыровго убактылуу пайдалануу үчүн берилген корпусун пайдалануу мөөнөтүнүн аяктагандыгына байдаланыштуу балдар бакчасынын корпусу «Саламат» балдар бакчасынын пайдалануусуна өткөрүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кочобаевге балдар бакчасынын жогоруда аталган корпусун «Саламат» балдар бакчасына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы сунуш кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Торобаев |