Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2015-жылдын 15-октябры № 19-15
Мангыт айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши Мангыт айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга стратегиялык планын карап, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга иштелип чыккан стратегиялык планы бекитилсин.(тиркелет).
6.Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына ташпырылсын.
Төрага | Т.Торобаев |
Мангыт айылдык кенешинин 5 -чакырылышынын 19-сессиясынын 19-15-токтомуна тиркеме
Айыл аймагында жашаган алдынкы инициативалуу билимдүү, ар түрдүү курактагы, абройлуу, мекенчил курамдагы жергиликтүү Кенештен жана күчтүү аппарат кызматкерлеринен турган жергиликтүү бийлик.
Өнүгүү жолунда ар түрдүү коомдук, мамлекеттик эмес уюмдар менен иштеше билген жана алардын өзгөчө жардамынын негизинде көптөгөн жакшы натыйжаларга жетише алган, ар кандай экономикалык шатка ийкемдүү болгон айылдык окурук.
Негизги өндүрүшү болгон айыл чарбасы жана мал чарбачылыгында иновациялык технологияларды колдонуп, эё алдынкы жана эрте бышат жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын өндүрүп, Кыргызстандын башка аймактарына импорттоого жетише алган айылдык аймак.
Коомчулугу, эли жогорку маданияттуу, жаштары билимге чанкаган, спортту сүйгөн, чыгаан спортчулары менен сыймыктанга, ондогон билим ордолоруна ээ болгон, көптөгөн чыгаан адамдары чыккан кызыр колдогон мекен.
Өзгөчө жашыл жаратылышка ээ болгон, өз жаратылышын коргоп, муундан муунга алып өткөрүүнүн натыйжасында кайталангыс жаратылышты жарата алган айыл аймагы.
Элеске жетүү үчүн ыёгайлуу шарт түзүү.
Күчтүү айылдык Кенеш жана профиссианалдуу аппарат, ички жана тышкы ресурустарды эффективдүү пайдалануу менен жергиликтүү коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүү.
Укуктун корголушуна , демократиянын калыптанышына жана жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.
Жергиликтүү элдин, коомчулуктун социалдык маселелерин жогорку деёгээлде жана өз убаганда чечүү.
Илимий техникалык жактан өнүккөн айыл аймагына жетүү.
Мангыт айыл өкмөтү стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн ресурстарды оптималдуу колдонот жана ишке ашыруу процессин көзөмөлдөйт. Айылдык Кенеш элеске жетүү үчүн айыл өкмөттүн жана коомчулуктун мүчөлөрүнө тикеден тике колдоо көрсөтөт. Бул жергиликтүү бийлик бардык иштерди аткарат дегенге жатпайт, ал мекемелер жана коомчулук аткарып жаткан иштерди башкарат жана көзөмөлдөйт.
Стратегиялык планды аткаруу үчүн аныкталган ресурстар, фокус группалар, жамааттар аркылуу кандай колдоо иш аракеттер жасалып жатканын билүү.
Күчтүү айылдык Кенеш жана профессионалдуу аппарат.
Жергиликтүү Кенеш коомчулук тарабынан шайланган билимдүү, чыгаан лидерлерден куралган. Кенештин депутаттары өзүнүн эли үчүн, өзүнүн шайлоочуларынын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Өздөрүнүн аткарган иштери жөнүндө коомчулук алдында дайыма үзгүлтүксүз регулярдуу түрдө отчет берет жана эл тарабынан сунушталган маселелер менен иштейт.
Пофессионалдуу аппарат же күчтүү аппарат кызматкерлери өзүнүн ишинин мыктылары дайыма эки жылда бир жолу мамлекеттик аттестациядан өтүп турган жана жылына ондогон донорлор тарабынан өтүлгөн ар түрдүү окууларга, курстарга катышат. Өз иштерине жоопкерчиликтүү мамиле жасашат.
Укуктук корголушун жана демократиянын калаптанышы:
Айыл аймагындагы жарандардын улутуна, жынысына жана түрдүү динде болгондугуна карабастан тен укуктуулук принциби менен иш алып баруу. Демократиянын калыптанышы үчүн өбөлгө түзүү.
Экономиканын өнүгүшү үчүн салым кошкон ишкана-мекемелерге ынгайлуу экономиканы шарттаган чөйрөнү жаратуу.
Жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүү:
Айыл аймагындагы социалдык маселелерди чечүү, социалдык жактан тендикке жетишүү, түрдүү оорулардын алдын алган дени сак айыл аймагына жетүү. Жогорку денгээлде билим бере алган билим уяларына ( мыкты мектеп, мыкты мугалимдер, мыкты тарбиячылар, мыкты балдар бакчалары ) ээ болуу.
Илимий техникалык жактан өнүккөн айыл аймагына жетүү:
Айыл аймагында эё акыркы илимий техникалык каражаттарды кандай гана тармакта болбосун колдоно айыл тургундары жана заманбап техникалар менен камсыз болуусуна өбөлгө түзүү.
Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу .
Жаштарга кышкы жана жайкы спорт комплексин куруу:
Койгой: Айыл өкмөтүнүн аймагында жаштар үчүн спорт
аянчалары жоктугуна жаштар ар кандай жаман жолдорго
барышат.
Койгойдүн жалпы аныктамасы: Мангыт айыл аймагында беш айыл бар, алар Мангыт, Төлөйкөн, Кесек , Жаны-Арык, Кызыл-Коргон айылдары. Айыл аймагы боюнча 10310 киши болуп 2254 үйлү түтүн бар. Айыл өкмөтү боюнча жаштардын саны 3000 дан ашуун .Бүгүнкү күндө айыл өкмөтү боюнча жаштар үчүн эч кандай спорт аянчалары курулбаган жокко эсе .
Айыл өкмөтүнө караштуу 4 мектеп болсо 2 экөөсүндө спорт зал бар. Спорт зал болгону менен бардык жаштар спорт менен машыгуусуна тээйлегенге мүнкүнчүлүктөр жок. Спорт аянчаларында эч кандай спорт менен машыгууга курулмалар курулган эмес. Булардын курулбай клышынын себеби айыл өкмөтүбүз дотацияда олтургандыгы айыл өкмөтүнүн кирешеси аздыгынан жаштар үчүн спорт аянчалар жана спорт аянтчаларды курууга каражат жетишсиздиги.
Учурда жаштардын бекер мезгилинде алек болусу үчүн спорт аянчалардын жоктугудан ар кандай кумар оюундарга жана билляд, сигарет тартуу, арак ичүү менен өздөрүнү алек кылушуда.
Спортко кызыккан көпчүлүк жаштар райондун борборундагы жана спорт аянчалар бар айыл өкмөттөрүнү акча коротуп барып өздөрүн спорт менен машыктырып келүшүүдө.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 3700.0 мил. сом дерлик 84% мамлекеттик дотацияда олтурат.
Ошого байланыштуу бул спорт комплексин жаныдан курууга айыл өкмөтүнүн күчү жетпейт. Жергиликтүү коомчулук, эл өзүнүн оокатын аран жүргүзөт.
Мангыт айыл окмотүнүн 2015-жылдын 15.10. №19-15-токтомуна тиркеме
№ | Иш-чаралар | Керектелуучу каражат (мин сом) | анын ичинен каржыланышы (мин сом) | Жумуш орундарын тузуу. | ||
Жергиликтуу бюджет | Демөөрчүлөр | Инвестиция | ||||
2016-жыл. | ||||||
1 | Мангыт айылына спорт комплексин куруп бүтүрүү | 19000,0 | 250,0 | 100,0 | 18650,0 | 10 |
2017-жыл | ||||||
2 | Кесек айылына балдар бакчасын куруу | 20000,0
| 250,0 | 250,0 | 19500,0 | 15 |
3 | Төлөйкөн айылындагы балдар бакчасына аянтча куруу | 700,0 | 20,0 | 20,0 | 660,0 | 2 |
2018-жыл | ||||||
4 | Н.Исанов атындагы мектептин 12 класын тактай менен полдоо | 500,0
| 20,0 | 20,0 | 460,0 | 5 |
5 | Кесек айылына ФАП куруу | 3000,0
| 100,0 | 200,0 | 2700,0 | 5 |
6 | Жаны_арык айылындагы банянын жылытуу системасын куруу | 600,0 | 30,0 | 30,0 | 540,0 | 5 |
7 | Мангыт айылына 60 орундуу балдар бакчасын куруу | 20000,0 | 300,0 | 100,0 | 19600,0 | 12 |
Мангыт айыл окмотунун башчысы: | М.Кочобаев |