Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2015-жылдын 15-октябры № 19-16
Мангыт айыл өкмөтүндөгү Жаңы Арык айлындагы эски мектеп имаратынан бөлмө ажыратылып, балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Мангыт айылы өкмөтүнүн аймагында мектепке чейинки балдардын саны көбөйгөндүктөн, айыл өкмөтүндө бала-бакчалар аз болуп, жаткандыгына байланыштуу көптөгөн мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчага тартылуусу кыйынчылыктарды жаратууда. Айыл тургундары, ата-энелер тарабынан балдар бакчаларын ачуу боюнча айыл өкмөтүнө кайрылуулар келип түшкөн. Ушул көйгөйлүү маселени чечүү максатында айыл өкмөтү Исанов атындагы орто мектептин эски имаратынан бөлмө ажыратып, жаңы балдар бакчасы ачууга макулдук сурап, айылдык кенешке кайрылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майында «Айыл аймактарынан жана шаарлардын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу Республикалык бюджеттен каржылоого которуу Жөнүндө №302-токтому чыккан. Бул боюнча билим берүү тармагынан айрым статьяларын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы каралууда.
Ошондуктан күн тартибиндеги маселени карап чыгып депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн 20-пунктуна жана 20-беренесинин 6 бөлүмүнүн 4-пунктун жетекчиликке алып, Мангыт айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн балансындагы Исанов атындагы орто мектептин имаратынан бөлмө ажыратылып, «Жаш муун» атындагы балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңыдан ачылган «Жаш муун» атындагы балдар бакчасын керектүү эмеректер жана жабдуулар менен камсыз кылуу Мангыт айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомуна ылайык жаңыдан ачылган «Жаш муун» атындагы балдар бакчасынын штат бирдиктерин жана башка чыгымдарын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы Араван райондук билим берүү бөлүмү аркылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комисиясына жана Мангыт айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Т.Торобаев |