Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2015-жылдын 15-октябры № 19-17
Мангыт айыл өкмөтүндөгү №7-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан бөлмө ажыратылып, балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Мангыт айыл өкмөтүнүн аймагында мектепке чейинки балдардын саны көбөйгөндүктөн, айыл өкмөтүндө бала-бакчалар аз болуп, жаткандыгына байланыштуу көптөгөн мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчага тартылуусу кыйынчылыктарды жаратууда. Айыл тургундары, ата-энелер тарабынан балдар бакчалары ачуу боюнча айыл өкмөтүнө кайрылуулар келип түшкөн. Ушул көйгөйлүү маселени чечүү максатында айыл өкмөтү №7-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан бөлмө ажыратып, жаңы балдар бакчасын ачууга макулдук сурап, айылдык кенешке кайрылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майында «Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу билим берүү уюмдарынын Кыргыз РеспубликасынынБилим берүү жана илим министирлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу бюджеттен каржылоого которуу, жөнүндө №302-токтому чыккан. Бул боюнча билим берүү тармагынын айрым статьяларын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы каралууда.
Ошондуктан күн тартибиндеги маселени карап чыгып депутаттардын сунуш пикирлери эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн 20-пункутуна жана 20-беренесинин 6 бөлүмүнүн 4-пункутуну жетекчиликке алып, Мангыт айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн балансындагы №7-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан бөлмө ажыратылып, «Гүл заман» атындагы балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңыдан ачылган «Гүл заман» атындагы балдар бакчасын керектүү эмеректер жана жабдуулар менен камсыз кылуу Мангыт айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтому ылайык жаңыдан ачылган «Гул заман» атындагы балдар бакчасынын штат бирдиктерин жана башка чыгымдарын Республикалык бюджеттен каржылоо жагы Араван райондук билим берүү бөлүмү аркылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинен суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин социалдык-маданият укук-тартип жана депутаттар этика боюнча туруктуу комисиясына жана Мангыт айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Т.Торобаев |