Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2015-жылдын 19-декабры № 20-18
2015-жыл ичинде айыл өкмөтүндө бардык тармактар боюнча аткарылган иштер жана 2016-жылга милдеттер жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кочобаевдин отчету
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши 2015-жыл ичинде айыл өкмөтүндө бардык тармактар боюнча аткарылган иштер жана 2016-жылга милдеттер жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кочобаевдин отчетун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жыл ичинде айыл өкмөтүндө бардык тармактар боюнча аткарылган иштер жана 2016-жылга милдеттер жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кочобаевдин отчету көнүлгө алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2015-жылда аткарылбай калган иш-пландарды келерки жылда аткаруу боюнча иш-чараларды көрүү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кочобаевге милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн айылды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында 2016-жылга белгиленген пландары жактырылсын жана аны турмушка ашыруу багытында бардыкколдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен айыл өкмөтүнүн аппаратынын, коомдук уюмдарынын бардык потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо чараларын көрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Торобаев |