Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2015-жылдын 19-декабры № 20-19
Төлөйкөн таза суу коомдук бирикмесинин суу түтүкчөлөрүнөн үйлөрүнө өз алдынча суу түтүктөрүн орнотуп алган жарандарга карата жаза чараларын көрүүгө уруксат берүү жөнүндөгү арызы жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши Төлөйкөн таза суу коомдук бирикмесинин суу түтүкчөлөрүнөн үйлөрүнө өз алдынча суу түтүктөрүн орнотуп алган жарандарга карата жаза чараларын көрүүгө уруксат берүү жөнүндөгү арызын карап жана айыл өкмөтүнүн аймагында калкты таза суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төлөйкөн таза суу коомдук бирикмесинин суу түтүкчөлөрүнөн үйлөрүнө өз алдынча суу түтүктөрүн орнотуп алган жарандарга карата жаза чараларын көрүүгө уруксат берилсин.
2. Толойкон таза суу коомдук бирикмесинин Уставына ылайык суу түтүктөрүнөн өз алдынча короолоруна суу түтүктөрүн улап алган жарандарга карата 5000 мин сомго чейин жазана салынсын.
3. Таза суудан үнөмдүү пайдалануу, суу түтүктөрүнүн дайыма он абалда болуусу, суунун сапаттуулугун үзгүлтүксүз текшерүүдөн өткөрүп туруу багытында иштерди жүргүзүү жана бул боюнча өз абоненттерине мезгил-мезгили менен отчет берип туруу Толойкон таза суу коомдук бирикмесинин жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Торобаев |