Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2015-жылдын 19-декабры № 20-20
Пайдаланылбай калган жайыттар жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши Мангыт жа йыт комитетинин 2015-жылда пайдаланылбай калган жайыттар жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт жайыт комитети 2015-жылы жайыт пайдалануучулар тарабынан 494 гектар жайыт пайдаланылбай калып кеткендигине байланыштуу бул жайыттан өндүрүлүүчү жер салыгынан бошотулсун.
2. Пайдаланылбай калган 494 га жайыттан түшпөй калган 6274(алты мин эки жүз жетимиш төрт ) сом акча каражаты жер салыгынан бошотулсун.(Акт тиркелет)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Торобаев |