Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2015-жылдын 19-декабры № 20-21
Маңгыт айыл аймагында «Ак-Дарыя» коомдук үрөн фондун түзүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши Маңгыт айыл аймагында «Ак-Дарыя» коомдук үрөн фондун түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын өкүлдөрүнүн жалпы чогулушунун протоколун карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак-Дарыя» коомдук үрөн фондун түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын өкүлдөрүнүн жалпы чогулушунун протоколу жана коомдук фонддун Уставы бекитилсин.(Тиркелет).
2. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн мол болуусуна жетишүү максатында дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу багытында иш алып баруу милдети «Ак-Дарыя» коомдук үрөн фондусуна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кенештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Токтоматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Торобаев |