Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2017-жылдын 29-апрели № 4-10
Мангыт айылдык Кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык айылдык Кеңештин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндөгү маслени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айылдык Кенешинин 2017-жылга иш планы бекитилсин. (тиркелет).
2. Иш планда белгиленген маселелерди өз убагында даярдоо жана айылдык Кенештин сессияларына сунуш кылуу милдети айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыз кылуу милдети айылдык Кенештин торагасынын орун басары Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Малаев |
Мангыт айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 4-сессиясынын 4-10-токтомуна №1-тиркеме
1. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
2017-жылдын 1-кварталы .Финанасы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссия.
2.Айылды өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышынын абалы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн отчету.
2017-жылдын 2-кварталы. Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссия.
3.Социалдык обьектилерди жана калкты көмүр-отун менен камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө.
2017-жылдын 3-кварталы.Айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.
4.Бардык тармактар боюнча аткарылган иштер жөнүндөгү туруктуу комиссиялардын торагаларынын отчеттору.
2017-жылдын 4-кварталы.Айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары.
Жооптуу катчысы | А.Мурзажанов |