Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2017-жылдын 28-июлу № 06-13
Айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага беруу боюнча жер комиссиясынын ишинин регламентин жана жобосун бекитуу жонундо
Депуттардын Мангыт айылдык Кеңешинин сессиясы кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага беруу боюнча жер комиссиясынын ишинин регламентин жана жобосун карап, талкуулап томондогудой чечим кылат:
Т О К Т О М У
1. Кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага беруу боюнча жер комиссиясынын ишинин регламенти бекитилсин. (Регламент тиркелет).
2. Кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага беруу боюнча жер комиссиясынын ишинин жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет).
3. Жер комиссиясы оз ишин ушул регламенттин негизинде жургузуу менен аукционду тартиптуу жана жогорку денгеелде откоруу боюнча бардык аракеттерди корууго милдеттендирилсин.
4. Ушул чечимдин аткарылышын козомолдоо айылдык Кенештин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | А.Малаев |
Мангыт айыл кенешинин
2017- жылдын «28» ИЮЛЬ № 6-13 токтому менен
бекитилди
1.1. АКФ нын жер участокторун беруу боюнча жер комиссиясы оз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2007- жылдын 22- июнундагы № 234 – токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007- жылдын 29- июнундагы № 1997-111 токтому менен бекиген АКФ нын жерлерин беруу тартиби жана шарттары жонундогу типтуу жобого, ушул Регламентке жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
Жер комиссиясынын курамы Мангыт айылдык Кенеши тарабынан бекитилет.
Жер комиссиясынын ишмердигин уюштуруу жагынан камсыз кылууну Мангыт айыл Окмоту ишке ашырат.
Жер комиссиясы 7 адамдан кем эмес санда тузулот, анын курамына жергиликтуу кенештин 3 тон аз эмес депутаттары кирет.
Айыл Окмот башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет.
Жер комиссиясынын курамына ошондой эле айыл башчылар, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын окулдору Кириши мумкун.
Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардан комиссиянын торагасы шайланат.
Жер комиссиясынын катчысы болуп айыл Окмоттун, поселоктук , шаардык башкармалыктын катчысы дайындалат.
Агрардык онуктуруунун райондук башкармалыгынын окулу Жер комиссиясынын отурумуна байкоочу катары катышканга укуктуу.
Жер комиссиясы томонку кызматтарды аткарат:
- аукцинду откоруу датасын, ордун жана тартибин аныктайт;
- лотторду тузот;
- ижара акысынын баштапкы же такталган (фиксированный) олчомун аныктай;
- конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик толомун олчомун аныктайт;
- лоттордун чек араларын аныктайт;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын олчомун аныктайт;
- ар бир лот боюнча ижара моонотун аныктайт;
- ар бир лот боюнча аукциондун «арымынын» олчомун аныктайт;
- ижара акысын толоо формаларын жана моонотторун аныктайт;
- сооданын жыйынтыктарынын протоколуна кол коет;
- конкурсту откорот;
- талапкерлерди аукционго катыштыруу (же катыштырбоо) тууралуу чечим кабыл алат;
- кабыл алынган арыздардын жана аларга тиркелген документтердин КР аракеттеги мыйзамдарына ылайык ижарачыга коюлуучу талаптарга жооп берерин текшерет;
- сооданы откоруу жол жобосу менен байланышкан бардык талаш маселелерди чечет;
- КР мыйзамдары менен аныкталган башка кызматтарды аткарат;
- мамлекеттик администрациянын тиешелуу кызматтарынан, тузумдорунон жана чарба жургузуучу субъектилерден документтерди, бутумдорду, экспертиза актыларын жана отурумдарда каралуучу маселелерге тиешеси бар башка материалдарды алганга;
- эксперттерди, анын ичинде коз каранды эмес эксперттерди, тиешелуу бутумдорду даярдоо боюнча ишке тартканга;
- оз ишмердиги жонундогу материалдарды массалык маалымат каражаттарында жарыялаганга укуктуу.
уюштуруу жана откоруу тартиби
Жер комиссиясы оз ишмердигин отурум турундо ишке ашырат. Отурумдардын жыйынтыктарына протокол толтурулат, ага Жер комиссиясынын катчысы, торагасы жана башка бардык катышкан мучолору кол коет.
Жер комиссиясынын отуруму Комиссиянын торагасы аныктаган кундору откорулот.
Жер комиссиясынын отурумун Жер комисиясынын торагасы алып барат. Торага жок болуп калганда отурумду Комиссиянын мучолорунун ичинен шайланган Жер комиссиясынын торагасынын орун басары откорот.
Эгерде отурумга добуш бергенге укуктуу мучолордун жарымынан кобу катышкан болсо, Жер комиссиясы оз компетенциясына тиешелуу чечимдерди кабыл алганга укуктуу.
Жер комиссиясынын чечими ачык добуш беруу жолу менен, катышкандардын жонокой копчулугунун добушу менен кабыл алынат. Добуштар тен болуп калганда, торагалык кылуучунун добушу чечуучу болот.
Жер комиссиясынын мучосу туздон туз каржылык жактан кызыкдар же арызы каралып жаткан адамга тууган болсо, Комиссиянын мындай мучосу бул маселени караганга жана ал боюнча чечим кабыл алганга укуктуу эмес.
Жер комиссиясынын мучолоруно, райондук Агрардык онуктуруу департаментинин окулуно боло турган отурум жонундо анны откоргонго 3 кун калганга чейин кабарланат.
Отурумдун башында Жер комиссиясынын торагасы талкууланып жаткан маселенин мунозуно жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден тушкон расмий бутумдорго жараша иштоо тартибин аныктайт.