Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 01-августу № 25-29
Айыл өкмөтүнүн негизги борбордук көчөсүнө «Ак-Дарыя» наамын ыйгаруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн тургундарынын өкүлдөрүнүн чогулушунун протоколу жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңешинин сессиясы айыл өкмөтүнүн негизги борбордук жолуна «Ак-Дарыя» наамын ыйгаруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн тургундарынын өкүлдөрүнүн чогулушунун протоколу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн негизги борбордук көчөсүнө айыл өкмөтүнүн тургундарынын өкүлдөрүнүн чогулушунун протоколунун негизинде Мангыт айылынын тургуну Акунбаев Таалайдын үйүнөн Толойкон айылынын тургуну Асанов Акылбектин үйүнө чейинки аралыктагы негизги көчөгө «Ак-Дарыя» наамы ыйгарылсын.
Төрага | Т.Торобаев |