Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
2016-жылдын 01-августу № 25-32
Статистикалык маалыматтарды чогултуу боюнча айрым мамлекеттик полномочиелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Мангыт айыл өкмөтү менен Араван райондук статистика бөлүмүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик полномочиелерди өткөрүп берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Статистикалык маалыматтарды чогултуу боюнча айрым мамлекеттик полномочиелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Мангыт айыл өкмөтү менен Араван райондук статистика бөлүмүнүн ортосундагы келишими бекитилсин.
2. Бекитилген келишимдин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Торобаев |