Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
2016-жылдын 01-августу № 25-33
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Мангыт айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “ Жергилиү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Мангыт айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин ортосундагы келишими бекитилсин.
2. Бекитилген келишимдин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Торобаев |