Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
2016-жылдын 03-сентябры № 26-35
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык айрым нотариалдык иштерди жүргүзүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Мангыт айыл өкмөтү менен Ош шаары жана Ош областы боюнча юстиция башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык айрым нотариалдык иштерди жүргүзүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Мангыт айыл өкмөтү менен Ош шаары жана Ош областы боюнча юстиция башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитилсин.
2. Бекитилген келишимдин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Торобаев |