Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
2016-жылдын 10-ноябры № 28-38
Мангыт айыл өкмөтүнүн Кесек айылындагы 0,20 га кайра бөлүштүрүү фондундагы жер аянтын социалдык обьектилер категориясына которуу жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши Мангыт айыл өкмөтүнүн Кесек айылындагы 0,20 га кайра бөлүштүрүү фондундагы жер аянтын социалдык обьектилер категориясына которуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн Кесек айылындагы 0,20 га кайра бөлүштүрүү фондундагы жер аянтын социалдык обьектилер категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Жогорудагы жер аянтын социалдык обьектилер категориясына которуу боюнча жерди трансформациялоо боюнча документтерди даярдап, жогорку органдарга сунуш кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Токтоматовго милдеттендирисилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кенештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Торобаев |