Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-марты № 1
Жалал-Абад шаарынын 2016-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2017-2018 жж.бюджетными болжолу (прогноз) жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын 2016-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, шаардык бюджеттин 2017-2018-жылдардагы бюджетинин болжолу (прогноз) 31.12.2015-ж. «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджета жана 2017-2018 жж. жөнүндө болжолу жөнүндө», 11.06.1998-ж. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» №78, 25.09.2003-ж. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү оз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» №215, 21.08.2004-ж. «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» №165 мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралып, депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги ХХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын 2016-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү 388 374,0 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 63 374,0 миң сомду, чыгаша бөлүгү 388 374,0 миң сом, анын ичинен атайын толом боюнча чыгашалар 63 374,0 миң сом өлчөмүндө № 1, № 2, № 2а тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
2. 2017-2018 жылдардын бюджетинин болжолу (прогноз) №3-тиркемеге ылайык жактырылып, 2017-2018-жылдарга жактырылган бюджеттин болжолу ар бир так мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.
3. 1.01.2016-жылга калган калдыктын эсебинен каржылоо № 4 (бюджет), № 4 а (атайын төлөмдөр) тиркемелерине ылайык бекитилсин.
4. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 -пунктуна ылайык шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө карата өзүн өзү башкаруу органынын 1% чейинки резервдик фонду 3000,0 миң сом өлчөмүндө түзүлүп, анын 20 % (600,0 миң сом) шаардык кеңештин төрагасынын резерви болуп түзүлсүн жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ошондой эле шаардык кеңештин буйругунун негизинде каржылануусу белгиленсин.
5. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын 1-январына жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча каражаты 50,0 (элүү) мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Жергиликтүү бюджетке кирбей калган шаардын ар түрдүү маселелерин чечүү үчүн шаар тургундарынын кайрьшууларын аткаруу максатында шаардын депутаттарынын каттарынын
7. Негизинде 6200,0 миң сом акча каражаты шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун егазинде каржылануусу шаардык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин. JV° 2-тиркемедеги үлүштүк каржылоого каралган каражат Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан мекеме-ишканалар тарабынан сунушталып, Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссиядан жактырылган иш-чаралардын каржьшоосуна жалпы долбоордун суммасынын 30% өлчөмүнөн ашпаган суммада шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржьшануусу белгиленсин.
8. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана өзгөчө кырдаалардын кесепетин жоюуга каралган 250,0 миң сом акча каражаты мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржылансын.
9. Спорт мелдештерине, окуу жүргүзүүчү машыктыруу жыйындарына кетүүчү каражаттар шаардык дене тарбия жана спорт комитета менен макулдашуусу белгиленсин жана шаардын атынан бир мелдешке бир тайпа же машыктуруучу, судья болуп (футбол оюнун жана Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын кошпогондо) 12 ден ашык киши жөнөтүлбөсүн. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, спорт оюндарына Спорт жана туризм Агенттигинин катынын негизинде жөнөтүлүүсү белгиленсин.
10. Жалал-Абад шаарынын атынан ар түрдүү спорттук мелдештерге жөнөтүлгөн спортчуларды окуган окуу жайынын башчысынын окуудан бошотулган жөнүндөгү буйругунун негизинде жөнөтүү жөнөтүүчү мекемеге милдеттендирилсин.
11. Жалал-Абад шаардык дене тарбия жана спорт комитетине Жалал-Абад шаарынын тургуну Нуржанов Эрмекке спорттун самбо түрү боюнча дүйнөлүк эл аралык мелдеште 3-орунду ээлеген үчүн каралган сметанын чегинде 50,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
12. Шаардык бюджеттин эсебинен ар бир мугалимге ай сайын коммуналдык чыгымдарын компенсациялоо үчүн 2016-жылдын 1-январынан бери 300 сомдон, мугалимдер күнүнө карата ар бир мугалимге жана бала бакчалардын тарбиялоочуларына 2000 сом өлчөмүндө төлөп берүү шаардык билим берүү башкармасына милдеттендирилсин.
13. Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармасынын бала бакчаларына афганчылардын, ата-энеси майыптардын, Баткен согушунун катышуучуларынын балдарын жана 1-П-даражадагы майып балдарды, тоголок жетимдерди 100%га, коп балалуу үй-бүлөлөрдүн (төрттөн ашык), турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын 50% га ата-эне акысынан (родплата) жана ар түрдүү жыйымдардан толугу менен бошотулсун.
14. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө балдарды бала бакчага кабыл алууда шаардын каттоосунда турбаган (учет) балдардын тамак-ашына кетүүчү ата-эне төлөмдөрүн толук төлөтүп кабыл алууну козомолдоо билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
15. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган бала-бакчаларындагы балдардын тамак-аш ченемдери (норма питания) жана шаардык боорукердик борбору аркылуу берилүүчү тамак аштын ченемдери № 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүно бала-бакчалардын тамак аш чыгымдарын келген баланын санына карап төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
17. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө жылдык сметасында коммуналдык чыгымдарына каралган каражаттын эсебинен №5, №10, № 13 мектептердин жана №8, №31, № 33 бала бакчалардын жылытуу системаларын көмүр менен жылытуу үчүн от казандарын куруу муниципалдык менчикти башкаруу комитетине милдеттендирилсин жана түзүлгөн сметага ылайык каражаттарды жылдырып берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
18. Жал-Абад шаарынын бюджегген каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктери РВггомдо тиркелген № 6, № 7, № 8, № 9, №9а, № 10, № 11, № 12, № 13, № 14, №15, № 16, № 17, №18, №19, №20, №21-тиркемелерге ылайык өзгөртүү толуктоолор менен бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ)колдонулуусу белгиленсин. Штаттык бирдиктерин тактоо жагы тиркемелерде аталган мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
19. Шаардык бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилерине тендер аркылуу жасалган иш-чаралар шаардык кеңештин алдында атайын түзүлгөн депутаттык комиссиясынын корутундусунун негизинде кабыл алынсын.
20. «Жалал-Абад Тазалык» мекемесине жыл ичинде атайын эсебинен үнөмдөлгөн же бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен атайын техника алуу үчүн кошумча каражат бөлүп берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
21. «Жалал-Абадсууканал» мекемесине бөлүнгөн субсидиянын 5000,0 миң сомун 2016-жылга төлөнүүчү кредитти кайтарууга каржылансын жана кредиттин калган кайтарымын 2017-жылдын 1 -январына чейин «Жалал-Абадсууканал» башкармалыгынын эсебинен төлөө жагы башкармалыктын жетекчисине (А. Мусаев) милдеттендирилсин.
22. Жалал-Абад шаардык керек жарак жана кызмат көрсөтүү департаментине (М. Солтоев) мекеменин атайын эсебинде каралган 400,0 миң сом акча каражатты «Жалал-Абадсууканал» мекемесине шаардын көчөлөрүн борбордук канализацияга туташтыруу үчүн өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
23. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын жетекчилерине 2016-жылга бекитилген планды шаардык кеңештин макулдугу жок өзгөртүү же кошумча (каралбаган) иш-чараларды аткарууга тыюу салынсын.
24. Жалал-Абад шаарынын маданият бөлүмүнүн башкы адисине (бухгалтер) жаштар бөлүмүнүн бухгалтериясынын ишин алып баруу жагы милдеттендирилсин жана кошумча жүктөлгөн милдети үчүн эмгек акысына кошумча 10 % үстөк акы төлөп берүү үчүн үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жылдырып берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
25. Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгына жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен автоунаа алууга каражат бөлүп берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
26. Т. Тайгараев аймактык башкармалыгынын жыл ичинде үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен кызматкерлерине (кенже тайпа персоналдан белок) 30% чейин үстөк акы кошуп берүү жагы башкарманын башчысына милдеттендирилсин.
27. Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментине үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 93,0 мин сом акча каражатын майрамдык баннерлерди илүү үчүн жумшоого макулдук берилсин.
28. Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын Нефтянников көчөсүндөгү имараты өрттөнүп кеткендигине байланыштуу Эркиндик, 2а дарегиндеги имаратын (Жалал-Абад областык прокуратурасынын жанныдагы эски шаардык прокуратура отурган бөлүгү) жана имарат жайгашкан 670 м2 жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жолу менен жергиликтүү бюджеттен 10 426,0 миң сом акча каражаты муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу шаардык прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын калыбына келтирүү үчүн бекитилип берилсин.
29. Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүнө бекитилген 10 426,0 миң сом акча каражатын Жалал-Абад областтык прокуратурасы расмий түрдө кепилдик катын бергенден кийин 5 300,0 миң сомун бекитилген бюджеттин эсебинен, ал эми калган 5 126,0 миң сомун жыл
Төрага | Э.Ормоков |