Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги ХХХИ-сессиясы
2016-жылдын 15-марты № 2
Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын атынан түшкөн кайрылууларды аткарууга каралган акча каражатын чыгымдоо Жобосун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын баяндамасын угуп чыгып, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, шаардык кеңештин кезектеги ХХХП-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кенешинин депутаттарына шаардын жашоочуларынын атынан түшкөн кайрылууларын аткарууга каралган акча каражатын чыгымдоо Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппаратына 2016-жылга карата жашоочулардын кайрылууларын аткарууга каралган акча каражатын чыгымдоодо кабыл алынган Жобонун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э.Ормоков |