Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги ХХХII-сессияся
2016-жылдын 15-марты № 5
Жалал-Абад шаардык кеңештин 04.02.2014-жылдагы XII сессиясынын № 7-токтомунуна өзгөртүү киргизүү
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесинин 12-пунктуна, "Транспорт жөнүндө" мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриянын алдындагы Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобаза 25.02.2016-жылдагы № 4 катын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңештин 04.02.2014-жылдагы XII сессиясынын № 7-токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: "Жалал-Абад шаарында каттоочу муниципалдык автобустарда жүрүү акысы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
Жалал-Абад шаарындагы мектептердин 1-6 класска чейинки окуучулары акысыз;
Башка жүргүнчүлөргө 5 сом".
2. Жалал-Абад шаардык муниципалдык автобустарынын жол кире акысы боюнча түшүндүрүү иштерин жана ушул токтомдун негизинде ишмердүүлүк жүргүзүү жагы Жалал-Абад шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кецештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кецештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартыш[«^у|Щ'кадет.
Төрага | Э.Ормоков |