Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги ХХХII-сессияся
2016-жылдын 15-марты № 6
Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII-сессиясынын №3-токтомунун №1-тиркемеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 32-беренесине ылайык жана шаардык кеңештин фракцияларынын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кенешинин кезектеги XXVIII-сессиясынын № 3 токтомунун №1- тиркемеси жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттен дирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э.Ормоков |