Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын З-февралы № 1
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Айылдык Кеңештин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Ак-жол айыл өкмөтүнүн vAvw.akjol.el.kg дарегине ,расмий веб.сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |