Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-майы № 33
2018-жылга карата Каргалык айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Каргалык айылдык Кеңештин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана мүчөлөрүнө айылдык Кеңештин Регламентиндеги туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлгөндөр боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдык Кеңештин иш планында коюлган маселелерди даярдап, сессияга алып чыгуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына, Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, мектептин директорлоруна, бала бакчалардын башчыларына жана тиешелүү мекеме - ишканалардьтн жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://karRalyk.orR.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин торагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р.Жунусакунов |