Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXVII чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2018-жылдын 3-майы № 35
Таза - Кызмат муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтөнүн "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К.Аразовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Т О К Т О М КЫЛАТ
1. Таза Кызмат муниципалдык ишканасына айыл чарба жана башка техникалары чарба башкаруу укугу менен тиркемеге ытлайык берилсин.
2. Таза Кызмат муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата бекитиле турган иш планы тиешелүү комитетте каралбагандыктан, комитеттен кароо жагы белгиленсин.
3. Таза Кызмат муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата айдап себүү ,оруп жыюу тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Таза Кызмат муниципалдык ишканасынын директору К.Аразовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://karRalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы '"Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча" туруктуу комиссиясынын торагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Төрага | Р.Жунусакунов |