Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(XXVII чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2018-жылдын 3-майы № 37
Каргалык айыл өкмөтүндөгү жалпы спорт аянтчаларынын абалын кароо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. Казарман айылынын күн батыш тарабындагы кичи футбол аятчасын муниципалдык реестрге өткөрүп алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
2. Саз, Вод.хоз, Демилге участкаларына балдар ойноочу жана спорт аятнтчаларын куруу үчүн жер тилкесин аныктап кароо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Ж.Кыдыров атындагы райондук паркты оңдоп ,түздөө,жашылдандыруу,жарыктандыруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Чет-Булак айылындагы спорт залды толук бүтүрүп , райондук спорт мектебине өткөрүп берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл окмөтүнүн http://kargalyk.orR.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы "Өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш, экология, архитектура боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Базаркулов Толкунбекке тапшырылсын.
Төрага | Р.Жунусакунов |