Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июну № 36/2
"Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында катуу тиричилик таштандыларын таштоочу жайды жана "БЕККЕР" чуңкурчасын даярдоо жөнүндө»
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сартовдун айыл өкмөттүн аймагындагы айылдардын катуу тиричилик таштандыларды таштоочу жайды жана "БЕККЕР" чуңкурчасын даярдоо үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү жана мыйзамдаштырууну, айылдардын катуу тиричилик таштандыларды таштоочу жайдын жана "БЕККЕР" чуңкурчасынын максатка ылайыктуулугун аныктап берүүнү сурап жазган катындагы билдирүүсүн тактап-талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Taш - Эркештам автожолунун 9-чакырымынын он жагынан 500 (Беш жүз) метр аралыктагы калктын жашоо тиричилигине тескери таасири тийбеген эски карьердин ордунан 0,08 га жер тилксси катуу тиричилик таштандыларды таштоочу жай үчүн жана "БЕККЕР" чуңкуру үчүн узуну 4 метр, туурасы 3 метр, бийиктиги 5 метр болгон 60 куб жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Катуу тиричилик таштандыларды таштоочу жайды жана "БЕККЕР" чуңкурчасын даярдоо үчүн жер тилкесин мыйзамга ылайык чектеп берүү жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сартовго милдеттсндирилсин.
3. Катуу тиричилик таштандыларды таштоочу жайды жана "БЕККЕР" чункурчасын даярдоо үчүн жумшалуучу акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Бекмурзаевага жүктөлсүн.
4. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынан, Алай райондук СЭСтен. ӨКМнин Алай райондук башкармалыгынан жана ЭТКМИнин Алай, Чон-Алай райондору боюнча башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы И.Эсеновго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Эсенбаев |