Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-сентябры № 42/2
«Asia Unicom» ЖЧКсынын билдирүүсүнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын жер кодсксинин 13-статьясынын негизинде
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Оптикалык-волокондук магистралды алып өтүү үчүн «Asia Unicom» ЖЧКсына Эркештамдан Сары-Ташка чейин жана Сары-Таштан Үч-Төбө айылдык округунун аймагына чейин Сары-Таш айыл өкмөтү тарабынан 7.42 га жер тилкеси үч жылдык мөөнөткө, атап айтканда 2019-жылдын 01-октябрына чейин ижарага берилсин.
2. Сары-Таш айыл өкмөтү менен «Asia Unicom» ЖЧКсы ортосунда мыйзамга ылайык ижарага берүү келишими түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И. Эсеновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | А. Рахманкулов |