Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры № 87
Б.Сагындыков атындагы бала - бакчасы жөнүндө
Май айыл өкмөтүнө каращтуу Май айылындагы Б.Сагындыков. атындагы бала бакчага ата -энелерден чогулуучу акча каражаты жөнүндө маселесин карап Май айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылындагы Б.Сагындыков. атындагы бала-бакчага ата-энелерден чогулуучу акча каражаты Манас райондук билим берүү бөлүм менен макулдашуунун негизинде айыл өкмөтүнүн эсеп-кысап бөлүмү аркылуу кассалык кириштоо баракчасынын негизинде төлөнүп турсун.
2. Май айылындагы Б.Сагындыков атындагы бала-бакчасынын башчысы Э.Султанкулова оз алдынча ата-энелерден чогулуучу акча каражатын накталай чогултса администртивдик чара көрүлсүн .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Май айыл өкмөтүнүн каржы -экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н. Субанбековага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Баялиев |