Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги ХIII-сессиясы
2017-жылдын 19-сентябры № 67/13-7
Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 04.09.2017-жылдагы № 01-1/1119 чыгыш сандуу каты жана Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын № 9 протоколдук сунушунун негизинеде,Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында кесипкой, тажрыйбалуу адистерди кармап калуу үчүн токарь-ширетүүчү адисинин айлык маянасын электрик адистеринин айлык маянасына тендеп, ишкананын 2017-жылга карата штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 19.07.2016-жылдагы № 274/35-6 сандуу токтомундагы
- Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын үнөмдөлгөн айлык акы фондусунун эсебинен ширетүүчү иш кызматынын айлык акы ставкасы 7500 сом өлчөмүндө белгиленип, көтөрүлсүн"- деген пунктчасы жокко чыгарылсын.
2. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата штаттык бирдиги бекитилсин жана ишкананын токарь-ширетүүчү адисинин айлык маянасын электрик адистеринин айлык маянасына тендеп, 2017-жылдын 1-январынан баштап төлөнүп берилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин^.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет
Төрага | М.Есенкулов |