Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-сентябры №68/13-7
Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы " Мерседес-Бенц-313" Спринтер автоунаасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесинин 3-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу - мэриясынын 04.09.2017-жылдагы № 01-2/1114 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндө туруктуу комиссиясынын №9 протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 31.05.2017-жылдагы №42/8-7 сандуу "Талас шаарынын спортчулары үчүн сатылып алынган "Мерседес-Бенц-313" микроавтобусун Талас шаардык "Семетей -Талас" футболдук клубу муниципалдык мекемесине ыкчам башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы "Мерседес-Бенц-313" Спринтер автоунаасынын техникалык абалын аныктоо актысын түзүү жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына(М.Долдоев) тапшырылсын жана ыкчам башкаруу келишиминин негизинде кабыл алуу актысы техникалык абалына ылайык,Талас шаардык күрөш
Мерседес-Бенц-313" Спринтер автоунаасынын техникалык ондоо чыгымдары Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорт мектебинин эсебинен каржылансын.
Автоунаанын айдоочулук штаты Талас шаардьж Муниципалдык менчик башкармалыгынан кыскартылып, Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорт мектебинин штаттык бирдигине кошулсун.
3. " Мерседес-Бенц-313" Спринтер автоунаасы Талас шаарында өткөрүлгөн ар кандай социалдык, маданий иш чараларга зарыл болгон учурларда Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын (А.Джузупбеков) буйругунун негизинде бөлүнүп берилсин.
4. Талас шаардык муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрине тиешелүү тартипте өзгөртүүлөр киргизилсин.
5. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттодон откорууну козомолго алуу жаны Талас шаардак кенешинин жоопту катчысыны (А.Сариева ) милдетендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын торайымына (Н.Мусуралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |