Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-сентябры № 69/13-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 10.05.2017-жылдагы №35/7-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин негиздери" мыйзамынын 44-беренеси, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 12.09.2017-жылдагы №01-2/1157 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын №9 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 10.05.2017-жылдагы №35/7-7 сандуу токтомунун 1-пунктунун 2-абзацына төмөндөгүдөй редакцияда өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын эсебиндеги 934,0 миң (тогуз жүз отуз терт мин) сом акча каражаттын ичинен 500,0 мин сому Талас шаардык борбордук- базарынын аймагында жол коопсуздугун камсыз кылуу багытында иштер үчүн курулуш материалдарын сатып алуу жана 200,0 миң сому көп кабаттуу үйлөр жайгашкан кварталдардын арыктарына 2016-жылы 126,0 мин сомго сатылып алынган 84 даана лотокторду орнотуу боюнча тейлоо иштерине тартылган кызматкерлердин айлык маянасын төлөө үчүн пайдаланууга макулдук берилсин жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына ( Ж.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын оз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагын көзөмөлгө алуж жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык туруктуу комиссиясынын төрайымына башкаруу маселелери боюнча турукту комиссиясынын торайымыны (Н.Мусуралиева) жүктөлсүн.
Торага | М.Есенкулов |