Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-сентябры № 70/13-7
2015-2016-жылдарда Талас шарынын жолдорун ондоп жамоо иштеринде жол курулуш норма.шрынып сакталышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин l-бөлүмү, 32-беренесинин 9-пункту, Талас шаардык кенешинин Регламентинин 2-бап, 18-пункту, 13.03.2017-жылдагы №10/3-7 сандуу токтому менен кабыл алынган иш пландын негизинде, Талас шаардык кенешинин Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун №5 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаарынын жолдорун ондоп, жамоо иштеринде жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражатын сарамжалдуу пайдалануу үчүн көзөмөлдүктү күчөтүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талас шаарында 2015-2016-жылга карата Талас шаарынын ички жолдорун: Бердике баатыр көчөсү (Ч.Сатаев көчөсүнөн Ү.Молдо көчөсүнө чейин), Сарыгулов көчөсү (Айсулуу дүкөнүнөн Оторбаев көчөсүнө чейин) Оторбаев көчөсү (К.Нуржанов көчөсүнөн Мырзалиев көчөсүнө чейин) Мырзалиев көчөсү (Бердике баатыр көчөсүнөн Оторбаев көчөсүнө чейин) Нуржанов көчөсү (мэриянын алдынан Оторбаев көчөсүнө чейин) асфалытардын тешилген жерлерин ондоп жамоо иштеринин сапатсыз аткарылып жол курулуш нормаларынын сакталбагандыгы (Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына) белгиленип, эске алынсын.
2. Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) Талас шаарынын жолдорун ондоп, жамоо иштеринде жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражатын сарамжалдуу пайдалануу үчүн жол курулуш нормаларын сактоо жана сапаттуулугуна көзөмөлдүктү күчөтүү жагы эскертилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу
4. Токтомдун аткарылышын көзөмолгө алуу шАуТалас шаардык. кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу коми:ситсиш^й^торагасына (Ж.Иманалиев)
Торага | М.Есенкулов |