Загрузка документа…
КЕН-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-февралы № 20/1
"Кен-Арал айыл өкмөтүнө караштуу суу чарбалары жөнүндө"
Кен-Арал айылдык окуругдун кенешинин 37-чакырылышынын кезектеги сессиясынын отуруму Кен-Арал айыл өкмөтүнүн башчысыньтн аппарат кызматкерлеринин жана айыл өкмөтүнө караштуу мекеме уюмдардын бир жылдык отчотун угуп талкуулап Кен-Арал айылдык окуруктук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Дыйкандар менен жазгы талаачылык иштерине карата ички каналдарды тазалоо, жээгиндеги чөптөрдү тазалап, ортоо иштери уюштурулсун.
2. 2011-жылда суу салыгын төлөбөгөн дыйкандар менен иш алып барылсын. Дыйкандар менен келишим тузулуп сууну пайдаланылганы учун төлөм тууралуу чек дыйкандарга берилсин.
3. Буудай, арпа, коп жылдык чөптөрдү жазгы суудан чыгаруу эрте жазда уюштурулсун.
4. Райондук УОС менен келишим түзүлүп заявкалар берилсин, карыздар боюнча обуластык, райондук суу чарбаларда билдирүү жөнөтүлсүн.
5. Каналдарды реабилитациялоодо үчүн алынган кредиттердин төлөмдөрү такталсын жана дыйкандар менен чогулуштар өткөрүлсүн.
6. Токтомду аткаруу жагы АВП жетекчилерине милдеттендирилсин. Н. Тоялиев, И. Жумабеков, Ш. Ормонбеков
7. Токтомдун КӨЗӨМӨЛДӨӨ жагы Акмат кызы Махабатка жүктөлсүн. (Мөөнөтү 5-апрелге чейин)
Төрага | А.Р.Орозобаев |