Загрузка документа…
КЕН-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
37-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2012-жылдын 17-февралы № 3
"Кен-Арал айыл өкмөтүнө караштуу А.Арыстанов орто мектеби жөнүндө"
Кен-Арал айылдык окуругдун Кенешинин 37-чакырылышынын кезектеги сессиясынын отуруму Кен-Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын аппарат кызматкерлеринин жана айыл өкмөтүнө караштуу мекеме уюмдардын бир жылдык отчотун угуп талкуулап Кен-Арал айылдык окуруктук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептин жылытуу системасын (ремонттоого) ондоого бөлүнгөн 2,324 млн сом проектинин негизинде аткарылган иштери, мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына берилген тамак-аш боюнча, ашкананын иши текшерилсин.
2. Текшерүү боюнча комиссия түзүлсүн. Комиссиянын курамына Айылдык Кенештин депутатары: С. Алымкулов, Б. Аккайынова, Н. Алымкулов, М. Сманкулов, мектеп директору Н. Сөлпиев. Зав.хоз. Г. Алашбаева, Н. Момбеков
3. Мектеп убагында трансформатор коюуга жардам берген айылдын атуулу маркум Жакыпов Акжолго мектеп үчүн кылган эмгегин баалап фотостенд уюштурулсун.
4. Токтомду аткаруу жагы мектеп директору Н. Сөлпиевге жүктөлсүн.
5. Токтомду КӨЗӨМӨЛДӨӨ жагы Айылдык Кенештин торагасынын орун басары М. Сманкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Р.Орозобаев |