Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI - чакырылышыиын кезексиз XXXIII- сессиясы
2014-жылдын 30-декабры № 124
Бош калган мандатты №6099 Кашка-Жол шайлоо округунан шайлоочулардын көпчүлук добушун алган депутаттыкка талапкерге ыйгаруу жонүндо
Арал айылдык Кеңешинин депутаты Найзабеков Жылдызбек Бакбурканович Арал айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы жана ветеринардык тейлөо боюнча кызмат ордуна конкурстун негизинде дайындалгандыгына байланыштуу жергиликтүү Кенештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52- беренесинин 2- бөлүмүнүн 6- пунктуна ылайык Арал айылдык Кеңешинин кезексиз ачык сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылдык Кеңешинин депутаты Найзабеков Жылдызбек Бакбурканович Арал айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы жана ветеринардык тейлоо боюнча кызматына конкурстун негизинде дайындалгандыгына байланыштуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык бош калган мандатты №6099 Кашка-Жол шайлоо округунан шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган кийинки депутаттыкка талапкерге ыйгаруу жөнүндө Талас аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А.Ж.Медетов |