Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2017-жылдын 07-декабры № 10/3
Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айылдык аймагынын 2017-жылыпын ноябрь айынын 29-дагы №114 буйругунун негизинде, "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кара-Суу айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо материалдарын карап чыгып, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча материалдарын бекитип берүү жагы Кочкор райондук администрация башчысынын, 2016-жылдын аяк оона айынын 13-дөгү №163° буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
3. Токтомду көзөмолдөп аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Курткаев |