Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2015-жылдын 07-марты № 5
«Авлетим айыл өкмөтүнө Өнүктүрүү саясат институту тарабынан түшкөн 63300 (алтымыш үч миң үч жүз) сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндө»
Авлетим айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл өкмөтүнө «Элдин үнү жана Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту тарабынан түшкөн 63300(алтымыш үч миң үч жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизилсин.
2. Авлетим айыл өкмөтүнө «Элдин үнү жана Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту тараынан түшкөн 63300(алтымыш үч миң үч жүз) сом акча каражаты. Авлетим айыл өкмөтүнүн жыйындар залына 15 комплект (үч орундуу) отургуч сатып алууга жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Авлетим айылдык Кеңешинин инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 4. Бул токтом Www.avletim.aksy.kg сайытына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | С.Р.Атантаев |