Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2015-жылдын 07-марты № 8
«Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жаңгак участкасындагы жер көчкү коркунучундагы 6,1 га жер аянтын жашылдандырууга ПРООНдун долбоорун колдоо максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Авлетим айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жаңгак участкасьшдагы жер көчкү коркунучундагы 6,1 га жер аянтын жашылдандыруу максатындагы ПРООНдун долбоорун колдоо максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 33523 (отуз үч миң беш жүз жыйырма үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы пландоо бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С.Р.Атантаев |