Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2015-жылдын 07-марты № 8
«Авлетим айылындагы Токол-Эчки участкасындагы таштанды жай аянтчасын даярдап короолоп тосуу жөнүндө Авлетим айылынын айыл башчысы Ж.Ормонкуловдун кайрылуусу»
Авлетим айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Токол-Эчки участкасындагы таштанды таштоо аянтчасын даярдап тосууга Кыргызстан айылдык ден-соолук комитетинин Ассосациясы аркылуу жана эл аралык донордук уюмдар тарабынан каржыланып жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20,000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Www.avletim.aksy.kg сайытына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | С.Р.Атантаев |