Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2015-жылдын 17-октябры № 2
Авлетим айылдык өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджеттин айрым статьяларынан үнөмдөлгөн каражаттарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Авлетим айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү бөлүмүнүн, Орто мектептердин
22321100 (электр энергиясын толоо) статьясынан 264,2(эки жүз алтымыш терт миң эки жуз), 22241100 (таш көмүр сатып алуу) статьясынан 167,2 (бир жүз алтымыш жети мин, эки жүз), 22111100 ( кызматтык жумуштар менен сапарга чыгуу) статьясынан 8,0 (сегиз миң), Башкаруу аппаратынын 22321100 (электр энергиясын толоо) статьясынан 140,0 (бир жүз кырк мин,) сом.
Китепканалардын 22321100 (электр энергиясын төлөө) статьясынан 12,2 (он эки мин, эки жүз) Маданият үйүнөн 22321100 (электр энергиясын төлөө) статьясынан 131,2 (бир жүз отуз бир миң эки жүз) жалпысы 722,8 (жети жүз жыйырма эки миң сегиз жүз) сом акча каражаты жылдык пландын жогорудагы элементтеринен кыскартылсын.
2. Үнөмдөлгөн 722,8 (жети жүз жыйырма эки мин, сегиз жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй
тартипте
Башкаруу аппаратынын 2211 ( кызматтык жумуштар менен сапарга чыгуу) статьясына 25,0 (жыйырма беш мин,), 22154900 (башка кызматтарды көрсөтүү) статьясына 230,0 (эки жүз отуз мин,), 31122220 (айыл чарба механизмдерин сатып алуу) статьясына 85,0 (сексен беш мин,), 22141100 (Бензин ,дизел жана башка күйүүчү майлар) статьясына 75,0 (жетимиш беш миң), 22141200 (запастык бөлүктөрдү алууга) 20,0 (жыйырма мин,), 31123210 (эмеректерди сатып алуу), статьясына 45,0 (кырк беш мин,) сом акча
Башка турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүгө 31113230 (көпүрөлөрдү куруу) статьясына 100,0 (бир жуз мин,), 31113290 (башка курулуштарды куруу) 100,0 (бир жуз мин,) сом акча Орто мектептерге 22211100 (имараттарды учурдагы ондоо) статьясына 42,8 (кырк эки мин, сегиз жүз) жалпысы 722,8 (жети жуз жыйырма эки мин, сегиз жүз)сом IV- кварталга кошумча жылдырылсын.
3. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
5. Токтом Www.avletim.aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | С.Р.Атантаев |