Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 8/1
Жаңыдан шайланган депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) уюштуруу сессиясын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администраңия жөнүндөгү" Мыйзамынын 28-беренесинин 3,4-пункттарына жана "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү" Мыйзамынын 29-беренесинин 2-пунктуна ылайык жаңыдан шайланган депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) уюштуруу сессиясын чакыруу боюнча депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ К Ы Л А Т :
1. Жаңыдан шайланган депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) I уюштуруу сессиясын өткөрүү 2017-жылдын 6-январына саат 10-00 го белгиленсин.
2. Сессияны өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү, сессия өтө турган залды даярдап камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
3. Сессиянын күн тартибине төмөндөгү маселелер киргизилсин:
-Жаңыдан шайланган Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын ыйгарым укуктары бекитүү,
- Жаңыдан шайланган Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү, -Уюштуруу маселеси:
а) Жаңыдан шайланган Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин коомдук башталыштагы торагасын шайлоо,
б) Жаңыдан шайланган Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин коомдук башталыштагы торагасынын орун басарын шайлоо. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алууну озумо калтырам.
Төрага | Н.Жолдошов |