Загрузка документа…
БАКАЙ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 07-февралы №8
«АРИСке Бакай-Ата айыл өкмөтүнөн сунушталган долбоорлорду бекитүү жөнүндө»
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 7-февралындагы 3-кезексиз сессиясы карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнөн сунушталган долбоорлор жактырылсын.
2. Чоң долбоорго Нарикбай атындагы орто мектебине кошумча корпус жана кичи долбоорго Чоң-Алыштагы мини-футбол аянтчасына килемче төшөө жана Наматбек айылынын ички көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу сунушталсын.
3. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына толуктоолор бекитилсин.
4. Өздүк салымдар жергиликтүү бюджетинен каржылансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленинполь айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Джунусовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |