Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 14
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджеттин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө
1) Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджеттин киреше көлөмү өзгөртүү, толуктоолору менен төмөндөгүчө бекитилсин:
Киреше булактары төмөндөгүдөй түзүлсүн (мин сом):
Жалпы кирешелер жана трансферт -16497,3
Жергиликтүү кирешелер ( салык түшүүлөр жана салык эмес түшүүлөр) -15854,5
Салык төлөмдөрү: 12362,6
Милдеттүү патенттөөдөн алынуучу салык - 61,8
Чакан ишкерлерден, субъекттерден алынуучу киреше салыгы - 0,9
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы - 6532,0
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык - 750,0
Ишкердик ишин жүргүзүү үчүн кыймылсыз мүлккө салык - 99,0
Унаа каражат ээлеринен алынуучу киреше салык - 915,1
Короо-жай ( огород) жер салыгы - 250,0
Айыл чарбасына жарактуу жер салыгы - 1040,0
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы - 207,0
Сатуудан алынуучу салык - 2506,8
Салык эмес киреше булактары: 3507,5
КБФ жерлеринин ижара акысы - 700,0
Жайыт пайдаланган үчүн төлөм - 150,6
Таштандыларды чыгаруу акысы - 14,5
Атайын каражат - 2572,4
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы - 70,0
Теңдөөчү грант: 627,2
2) Жергиликтүү бюджеттин 2018-2019-жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин:
А) 2018-жылга бюджеттин көлөмү (киреше, чыгашасы менен) – 16844,8 мин сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү – 12749,6 мин сом
Тендоочу грант -177,8 мин сом.
Б) 2019-жылга бюджеттин көлөмү (киреше, чыгаша менен) – 17382,8 мин сом
Анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү – 13737,6 мин сом
3) Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде Республикалык бюджеттин эсебинен каралаган тендоочу гранттын коргоодогу статьяларды ( эмгек акы, соц.фонд, коммуналдык жана тамак аш чыгымдары) жабууга жумшалары белгиленсин.
4) Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте бекитилген сметадан ашып тушсо ал суммага бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү киргизүү жагы айылдык Кенештин сессиясына сунушталсын.
5) Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда разделден разделге жылдыруу жагы айылдык кеңештин чечими менен, статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруу финансы-экономикалык болумүнүн сунушунун негизинде айылдык Кенештин бюджет комиссиясынын макулдугу менен, айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде белгиленсин.
6) Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 16-январындагы № Б-2/V буйругунун негизинде бюджеттен өзгөчө кырдаалдарга биринчи жардам корсотуу учун 200,0 мин сом өлчөмүндө кол тийгиз акча каражаты түзүлсүн жана айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 24- статьясына ылайыктуу жергиликтүү бюджеттин чыгашасынын 1%тин айыл өкмөтүнүн ар кандай күтүүсүз социалдык экономикалык маданий чыгымдарына 164,9 мин сом суммасында резервдик фонд түзүлсүн жана айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
7) 2017-жылдын 1-январына ылайык бюджеттинн накталай кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү 5000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
8) Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |