Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 15
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү максатында Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чыгашалар 13924,9 мин сом өлчөмүндө төмөндөгү бюджет боюнча бекитилсин:
- Мамлекеттик тейлөө бөлүмү – 2728,7 миң сом.
- Жарандык коргонуу бөлүмү – 200,0 миң сом.
- Билим берүү бөлүмү – 6485,3 миң сом. (Мектептер – 2564,9 миң сом, балдар бакчасы – 3920,4 миң сом).
- Социалдык жактан коргоо бөлүмү – 623,0 миң сом.
- Маданият жана спорт бөлүмү – 380,0 миң сом.
- Турак-жай коммуналдык бөлүмү – 3507,9 миң сом.
Жалпысы: 13924,9 миң сом.
2. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгаша бөлүктөрү атайын каражат 2572,4 мин сом менен кошулуп 16497,3 миң сом суммадагы баланс менен бекитилсин.
3. 2016-жылдын бюджетинин чыгашадан ашкан кирешенин 407,9 миң сомду төмөндөгү бөлүштүрүлсүн:
123,2 миң сом Чоң-Алыш БСР тазалоого;
284,7 миң сом таза суу түтүктөрүн сатып алууга;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленинполь айылдык кеңешинин бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |