Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 22
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында коркунуч келтирилген тал-теректерди кыркуу жөнүндө
Ленинполь айылдык Кенешинин 2017-жылдын 17-мартындагы 4-кезектеги сессиясы карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында коркунуч келтирилген тал-теректерди кыркып, көрктөндүрүү иш-чараларды жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
2. Жогорудагы маселелерди чечүүгө, айылдык кеңеш тарабынан бекитилген, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнө турган акча каражаты менен каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Сапаралиев камсыз кылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Төрага | Н.Шадыбеков |