Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 25
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдагы финансылык отчетун бекитүү жөнүндө
Ленинполь айылдык Кенешинин 2017-жылдын 17-мартындагы 4-кезектеги сессиясы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы финансылык отчетун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдагы финансылык отчету кирешеси боюнча такталган пландагы 17165,2 миң сомдун ордуна 17414,2 миң сомду түзүп 101%га, ал эми чыгаша бөлүгү пландагы 16886,8 миң сомдун ордуна 16326,5 миң сомду түзүп 97%ке аткарылгандыгы жөнүндө финансылык отчету бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |