Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 29
Жергиликтүү бюджетке акча каражатын кириштөө жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы кезекиз сессиясында Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетине акча каражаттарын кириштөөнү карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КИЧИ ЧААРАТ компаниясынан келип түшкөн 630,0 миң сом бюджетке кириштелсин:
2. КИЧИ ЧААРАТ компаниясынан келип түшкөн 630,0 миң сом төмөнкүчө бөлүштүрүлсүн:
-Наматбек айылынын Жанчаров орто мектебине (экология боюнча алдын ала эскертүү) – 13,0 миң сом,
-Түрткү берүүчү грантка өздүк салым (муниципалдык мончо) – 110,4 миң сом,
-Электр энергия үчүн – 463,9 миң сом, анын ичинен
мектептерге – 180,0 миң сом;
балдар бакча – 176,3 миң сом;
АУП – 107,6 миң сом;
-Ар кандай чыгымдар (ЖКХ) – 42,7 миң сом.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |