Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты №30
Үлгүлүү үй, үлгүлүү мекеме-уюм кароо сынагын жарыялоо жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы кезексиз сессиясында депутат Д.Шаботоеванын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында үлгүлүү үй, үлгүлүү мекеме-уюм кароо сынагы жарыялансын.
2. Кароо сынак үйлөрдүн жана мекеме-уюмдардын арасында өткөрүлсүн.
3. Кароо сынактын жыйынтыгы жылдын аягында жыйынтыгы чыгарылсын.
4. Кароо сынакты өткөрүү боюнча комиссия курамы түзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |